Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Түркия 19 тажик жаранын депортация кылды


Тажик жарандары 1-июнда Стамбулда террорго каршы жүргүзүлгөн операция маалында кармалган. Анадолу агенттигинин маалыматы боюнча, Түркиянын террорго каршы күрөшүү башкармалыгы буга чейин Стамбулда өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топко кошулуу үчүн Ирак жана Сирияга кишилерди жөнөтүп турган беш тажик жаранын колго түшүргөн.

Алардан алынган даректер боюнча тинтүү иштери жүргүзүлүп, жалпы 19 тажикстандык кармалды. Тергөө ишинен кийин 3-июнда Тажикстанга депортацияланды.

Түркия былтыр террорчулукка байланыштуу үч миңден ашуун чет өлкөлүк жаранды өз аймагынан чыгарган. ИМ тобу менен байланышы бар делген 700гө чукул чет өлкөлүк жаранды камакка алган. (AS)

XS
SM
MD
LG