Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

Кадамжай: үч жаштагы бала табыла элек


Кадамжай сел
Кадамжай сел

Кадамжайда селден кийин жоголгон үч жаштагы Элдар Жороевди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Элмира Шерипова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аймакта селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп, келтирилген чыгымдар саналып жатат. Жаратылыш кырсыгы канча зыян алып келгени толук такталып бүтө элек.

27-майдын кечинде Кадамжай-Айдаркен жолунда катуу сел жүрүп, “Опел-Фронтера” автоунаасы оодарылып кеткен. Натыйжада беш киши, анын ичинде эки жашар наристе набыт болгон. Алты жаштагы Зарипбек Нурлан уулу куткарылып, үч жашар Элдар Жороевдин дайыны билинбей жатат. 28-майда баланын кийимдери табылган. (NT)

XS
SM
MD
LG