Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:03

Ат-Башы районунун 85 жылдыгы белгиленүүдө


Ат-Башы району, Кошой-Коргон музейи
Ат-Башы району, Кошой-Коргон музейи

Ача-Кайыңды айылындагы ат майданда райондун 85 жылдыгына арналган иш-чара мамлекеттик деңгээлде өтүп жатат. 50дөн ашык боз үй тигилип, улуттук оюндар боюнча мелдештер да жүрүүдө. Жеңүүчүлөргө авто унаалар белекке бериле турганын уюштуруучулар билдиришти.

Нарын облусунун түштүк бөлүгүндө жайгашкан район 1930-жылы түзүлгөн. Аймак түштүк жана түштүк-чыгышта Кытай, чыгышта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району, түндүгүнөн Нарын, түндүк-батышынан Ак-Талаа, батышынан Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа райондору менен чектешет. Райондун жалпы аянты 19,1 миң чакырымга созулат. 10 айыл өкмөтү,19 кыштак бар. Анда 54 миңге чукул калк жашайт. (NT)

XS
SM
MD
LG