Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

Пригородное айылында граната жарылып беш адам жараат алды


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” билдиргендей, Бишкектин четиндеги Пригородное айылында граната жарылып, жаракат алгандардын арасында жаш балдар да бар. Каргашалуу окуя иштебей токтоп турган колбаса цехинин айланасында бүгүн түштө болгон. Цехти оңдоп жаткан курулушчулардын бири табылган куралдын граната экенин билбей эле ачып, колунан түшүрүп жиберген. Андан соң жарылуу болуп, бир нече адам жаракат алып ооруканага түштү.

“Тез жардам” кызматы окуядан беш адам жаракат алганын, анын экөө төрт жаштагы, бирөө алты жаштагы балдар экенин, азыр алар ооруканада жатканын ырастады. Жабыркагандардын денеси күйүп, дагы биринин баш-мээси чайкалган.

Ички иштер министрлиги окуя боюнча иликтөө башталганын, андан жараат алгандар тууралуу тактоо иштери бүткөндөн кийин маалымат берилерин кабарлады.

Гранатанын мындай түрү каршылаштардын көзүнө күчтүү жарык берүү үчүн колдонулат. (NT)

XS
SM
MD
LG