Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Турмушка эрте бышкан балдар


Кыргызстандык балдар ылайдан кыш куюп, үй салууда чоңдорго жардам берет.
Кыргызстандык балдар ылайдан кыш куюп, үй салууда чоңдорго жардам берет.

Жайкы каникул башталганы мектеп курагындагы өспүрүмдөр да акча табуу менен алектене баштады.

"Азаттыктын" апталык түрмөгү жаштайынан иштеп, акча тапкан балдарга арналды. Аймактардагы кабарчыларыбыз окуучулар жайкы каникулда кантип акча табышат жана алардын укуктары корголуп жатабы деген маселеге кайрылышты.

Бакай-Ата районундагы Дүйшөн Акчалов атындагы орто мектептин окуучулары балдар секирип ойной турган желим үйлөмө аянтчасын орнотуп, андан бир айда 60 миң сомдой киреше табышты. Жайкы эс алуу маалында окуучулар атайын түзүлгөн жадыбалга ылайык айылдарды кыдырып, батут кызматын көрсөтүп, каражат таап жатышат. Окуучулар акча табуу үчүн дагы кандай пландарды көздөп жатышат? Таластан кабарчыбыз Салика Сариева иштемчил окуучуларга жолугуп келди.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:32 0:00
Түз линк

Нарындык окуучулар арасында жайкысын жайлоодо кой кайтарып, акча табууну адатка айландыргандар көбөйүүдө. Мектеп курагындагы балдар муну эс алып жүрүп акча табуу деп да коюшат. Кичинекей малчылардын жашоосуна кабарчыбыз Мирлан Кадыров кызыгып көрдү.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00
Түз линк

Ысык-Көлдө мектеп окуучулары арасында жайкы каникулдарда тейлөө кызматтары аркылуу каражат топтоп алгандар арбын. Акыркы кездери окуучулар арасында атайын курстардан өтүп, пансионаттардагы тейлөө кызматында иштегендер көбөйдү. Алар менен кабарчыбыз Асеин Маданбеков баарлашты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:44 0:00
Түз линк

Баткенде өспүрүмдөр арасында каражат табуу үчүн ар кандай жумушта иштегендер четтен чыгат. Айрыкча автоунаа жууган жайларда мектеп жашындагы балдар көп кездешет. Минтип каражат табуу баланы турмушка бышып жетилтет дегендер бар. Ошол эле маалда "бала каржатты кантип сарптаганын ата-эне көзөмөлгө алуусу зарыл, антпесе жаман жолдорго азгырылып кетиши мүмкүн" дегендер да жок эмес. Баткенден Жеңиш Айдаровдун репортажын уксак.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:31 0:00
Түз линк

Эмгекке тартылган балдардын саны жылдан-жылга азайып баратканы менен, оор жумушка салынган өспүрүмдөр саны көбөйүүдө. Анын ичинен кооптуу жумуш аткаргандардын саны боюнча Ош облусу алдыңкы орунда. Аймакта кыз-бала дебей жашы жетелектер талаа жумуштарына, тейлөө кызматтарына көп тартылат. Толугураак Оштон кабарчыбыз Эрнист Нурматов баяндайт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00
Түз линк

Кыргызстанда “Балдарды эмгекке үйрөтүүгө – ооба, эксплуатациялоого - жок” деген бир айлык өтүп жатат. Ал арада “Эл пикири” уюму өткөргөн иликтөөдө Бишкектин жаңы конуштарында жашаган балдар тиричилик айынан окууга тартылбай жатканы да анык болду. Балдар эмгегинин абалы, кесепети кандай болууда? Мамлекет кандай аракеттерди көрүп жатат? Сабыр Абдумомунов баяндайт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:45 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG