Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү белгиленүүдө


5-июнь - Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү катары 1974-жылдан бери белгиленип келе жатат. Ал жылы 5-июнда Швециянын Стокгольм шаарында БУУнун курчап турган чөйрө боюнча жыйыны ачылган. Андан кийин Башкы ассамблея бул күндү экологияны коргоонун эл аралык күнү деп бекиткен.

Бул күндү утурлай Бириккен Улуттар Уюму менен Интерпол биргелешкен баяндама таратып, дүйнөдө экологиялык кылмыштардын саны кескин өсүп жатканын жарыялады. Анда жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз иштетүү күчөп, токойлор кыйылып, пайдалуу кендер казылып, балык уулоо көбөйүп жатканы келтирилген. Баяндамадагы маалыматтарга таянсак, бүгүнкү күндө мындай кылмыштардын кесепетинен болгон чыгымдар дүйнө боюнча 91 млрд доллардан 258 млрд долларга жетти. 2014-жылы бул көрсөткүч 70-213 млрд долларга бааланган.

XS
SM
MD
LG