Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Париж: Сена дарыясынын деңгээли азайууда


Париж, 3-июнь, 2016-жыл
Париж, 3-июнь, 2016-жыл

Франциянын башкалаасы Парижде Сена дарыясынын деңгээли ылдыйлап жатат. Нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу 3-июнда дарыяда суу 6 метрге көтөрүлүп, соңку 34 жылдагы рекорддук чекке жеткен.

Суу каптоо коркунучуна байланыштуу Париж метросу, бир катар туристтик жайлар, Лувр жана Орсе музейлери, эс алуу бактары жана көрүстөндөр жабылган болчу.

Синоптиктер суунун деңгээли алты жарым метрге чейин жогорулай турганын жоромолдошкон.

4-июнда абал калыбына келе баштаганы кабарланды. Француз премьер-министри Мануэл Вальс кечээ соңку күндөрдөгү катаал аба ырайына байланышкан суу ташкындарынан төрт адам каза тапканын билдирди.

XS
SM
MD
LG