Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:02

Казакстандын Актөбө шаарында 5-июнь күнкү атышуудан эки киши жараат алды. Бул маалыматты “Азаттык” радиосунун казак кызматына Ички иштер министрлиги бышыктады, бирок анын чоо-жайы боюнча толук комментарий бериле элек. Айрым жергиликтүү булактар жараат алгандар саны андан да көп экенин жазып чыгышты.

“Диапазон” гезити күбөлөргө таянып маалымдагандай, атышуу түшкү саат экилерде башталган. Белгисиз топ курал сатчу дүкөндөргө бастырып кирип, тоноп кеткен. 24-30 жаштын тегерегиндеги жигиттер полиция бөлүмүнө, аскер бөлүгүнө чабуул коюп, айрымдарды барымтага алганы да кабарланууда.

Полиция кол салгандардын кээ бирлерин кармаган. Ушул тапта шаардын үч районунда атайын операция жүрүп жатканын tengrinews.kz интернет басылмасы жазып чыкты.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG