Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Казак парламентинин сенатору Актөбөдөгү окуяны теракт деп атады


Актөбөдө чабуул уюштургандардын аракети жазылып калган тасмадан алынган сүрөт.
Актөбөдө чабуул уюштургандардын аракети жазылып калган тасмадан алынган сүрөт.

Казакстан парламентинин төрагасы Касым-Жомарт Токаев Актөбө шаарында 5-июнь күнкү окуяны теракт деп атады. Бул тууралуу “Твиттердеги” баракчасына жазды жана күнөөлүүлөр катаал жазаланарын белгиледи.

Актөбө облусунун акими болсо элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, абал көзөмөлдө экенин эскертти.

Актөбө шаарында жекшемби күнү белгисиз адамдар курал саткан эки дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө кол салган. Андан бир канча адам каза тапкан. Курмандыктар арасында аскерлер да бар. Жараат алгандардын да көбү жоокерлер экенин жергиликтүү булактар кабарлашкан.

Кол салгандардын экөө кармалып, үчөө өлтүрүлгөн. Бир канча кылмышкер качып кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар диний экстремисттик уюмдун мүчөсү катары аталууда.

XS
SM
MD
LG