Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:23

Израил премьери соңку тогуз айда үчүнчү ирет Москвага барууда


Бинямин Нетаньяху жана Владимир Путин.

Бинямин Нетаньяху жана Владимир Путин.

Израил премьер-министри Бинямин Нетаньяху бүгүн Москвага барып, Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушат. Ушуну менен Израил өкмөт башчысы соңку тогуз айда үчүнчү ирет Кремлге визит жасап жатат.

Расмий маалыматка ылайык, бүгүнкү жолугушууда “аймактык коопсуздук, террорчуларга каршы күрөш жана Сириядагы кырдаалдын коңшу өлкөлөргө тийгизип жаткан таасири” жана Израил менен Палестина ортосундагы ымала талкууланат.

Быйыл апрелде Путин менен Нетаньяху Москвада жолугушуу өткөрүп, сүйлөшүүнүн өзөгүн Сириядагы аскердик өнөктүк маселеси түзгөн болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG