Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

КМШ саммитинде 22 документ каралып, жети келишимге кол коюлат


КМШ өкмөт башчыларынын Тажикстанда өткөн жыйыны. 2015-жыл, октябрь

КМШ өкмөт башчыларынын Тажикстанда өткөн жыйыны. 2015-жыл, октябрь

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин Бишкекте өтө турган саммитинде 22 документ каралып, жети келишимге кол коюлат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди:

-Анын арасында электр энергия объекттериндеги авариялар тууралуу маалымат алмашуу, билим берүү тармагындагы кызматташтык, радиоактивдүү булактарды жайгаштыруу маселелери талкууланат. Кол коюлчу документтер ичинде агробиотүрдүүлүктүү сактоо боюнча конвенция, мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуу эрежелери жана тартиптери тууралуу протокол да бар. Андан тышкары, социалдык тармактагы кызматташуу маселелери каралат.

Саммит алкагындагы алгачкы жолугушуулар бүгүн өтөт. Өкмөт башчылардын жыйыны 7-июнда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өтөт. Ага Беларус, Казакстан, Тажикстан, Молдова, Орусиянын премьер-министрлери катышат. Азербайжан, Армения, Өзбекстан жана Түркмөнстандан премьер-министрлердин орун басарлары келери күтүлүүдө. Кыргызстандагы Украина элчиси да чакырылган.

Саммитке байланыштуу Бишкектеги айрым көчөлөрдө автоунаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилерин Патрулдук милиция башкармалыгы билдирди. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG