Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

Өз жубайын өлтүрүүгө шектелген 85 жаштагы адам кармалды


Өз жубайын өлтүрүүгө шектелген 85 жаштагы Бишкектин тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, шаардын Кызыл-Аскер аймагындагы үйлөрдүн биринен улгайган адамдын дене мүчөлөрү табылган.

Бул окуя боюнча милиция кызматкерлери иликтөө иштерин баштап, өлтүрүлгөн адамдын тек-жайы аныкталган. Анын өлтүрүүгө шектүү катары 85 жаштагы абышкасы кармалды. Тергөөнүн алдын-ала маалыматтары боюнча, кемпирин өлтүрүп, мүчөлөп үйүнүн ар кайсы жерине каткан. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG