Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Медведев: Орусиядан газ тармагына инвестиция келет


Газ.
Газ.

Бул тууралуу Кыргызстанга расмий сапар менен келген орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдирди. Медведев эки өлкөнүн экономикасында кыйынчылык бар экенин белгилеп, бирок бул кыйынчылыктарды биргеликте жеңүү зарылдыгын билдирди.

Ошондой эле орус өкмөт башчысы Кыргызстандын газ тармагына 2030-жылга чейин 100 миллиард сом инвестиция тартыларын ырастады.

Кыргызстан эки жыл мурун “Кыргызгаз” ишканасын орусиялык “Газпромго” саткан. Анда “Газпром” Кыргызстанга 45 миллиард сом инвестиция салууну убада кылган.

Орус премьер-министри Дмитрий Медведев бүгүн эртең менен келди. Ал 7-июнда Бишкекте өтчү Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммитине катышат.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG