Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Жээнбеков: Кыргызстан Орусия менен аскердик-техникалык кызматташтыкка маани берет


Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков.

Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков орус өкмөт башчысы менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан үчүн Орусия менен стратегиялылык кызматташтык тышкы саясаттын негизги багыттарынын бири. Жээнбеков учурдагы эл аралык терроризм, диний экстремизм маселелери турган чакта Орусия дүйнөдө жана аймакта абдан маанилүү ролду ээлерин белгиледи.

Премьер-министр бул тармакта Кыргызстанга жардам көрсөткөнү үчүн Орусиянын өкмөт башчысына ыраазылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков жолугушууда Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын сатуу, импорттун ордун толтуруу, эмгек миграция көйгөйлөрүн талкуулоо зарылдыгын кошумчалады.

Бүгүн Кыргызстанга расмий сапар менен келген Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен Сороонбай Жээнбековдун жолугушуусу өтүп жатат.(BkА/EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG