Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01

Эки жоочу Актөбө шаарынын түндүк-батышында кармалды. Бул тууралуу Казакстандын полициясы кабарлады. Министрликтин 6-июндагы маалымдашынча, “Актөбөдө кырдаал туруктуу, ишкана жана коомдук транспорт өз нугунда иштеп жатат”. Бийликтегилер кол салгандар диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрү болуш мүмкүндүгүн айтып, чабуулдан кийин антитеррордук операцияны башташкан.

Операция экстремисттик диний агымдын мүчөлөрү деп шектелгендер алты адамды өлтүрүп, эки тапанчаны ок-дарысы менен алып кеткенден кийин башталган. Актөбө, Алматы, Актоо, Астана жана башка ири шаарларда курал сатуучу дүкөндөр жабылып, катуу кайтарууга алынды. Жергиликтүү маалымат каражаттары ал дүкөндөрдүн качан ачылышы белгисиз экенин 6-июнда кабарлады.

5-июнда Актөбөдө курал сатуучу эки дүкөнгө жана аскердик бөлүккө чабуул бир убакта жасалган. Биринде күзөтчү жана дүкөн кызматкери өлтүрүлүп, полициянын үч кызматкери жарадар болгон. Экинчи чабуулда дүкөндөгү кардарды атып салышкан. Коопсуздук күчтөрү келип кол салгандардын үчөөсү жок кылынганын Ички иштер министрлиги кабарлады. Дагы бир топ автобус менен Улуттук гвардиянын дарбазасын сүзүп кирип, ал жердеги атышууда үч аскер, кол салгандардын бири окко учкан.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Алмас Садубаев кол салгандардын төртөө өлтүрүлүп, жетөө кармалганын, бир тобу эркиндикте экенин билдирди. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG