Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Жума намаз үчүн түшкү тыныгууну узартуу демилеси парламент комитетинде талкууланды


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинде жума намазы үчүн түшкү эс алууну эки саатка чейин узартуу боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда талаш-тартыш чыкты. Мыйзамдын демилгечиси, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын депутаты Тазабек Икрамов муну мусулмандардын жума намазга барышына шарт түзүү зарылдыгы менен түшүндүрдү. Бирок бир катар депутаттар ага каршы чыгып, светтик мамлекетте бир динге өзгөчө шарт түзүп, атайын убакыт бөлүү башка динди туткандар менен динден алыстардын укугун басмырлоого алып келиши мүмкүндүгүн билдирди.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун палатанын талкуусуна алып чыгууну чечишти.

Буга чейин мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу иш күнүн жумадан жекшембиге которуу демилгесин көтөрүп, ал парламентте колдоо тапкан эмес.(BkA)

XS
SM
MD
LG