Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:06

Актөбөдөгү окуяларга байланыштуу кыргыз-казак чек арасында кыраакылык күчөтүлдү


Кыргыз-казак чек арасы

Кыргыз-казак чек арасы

Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу. Бирок кыраакылык, өткөрмө пунктардан өткөндөргө карата көзөмөл күчөтүлдү.

“Бирок бул чек ара күчөтүлгөн тартипке өттү дегенди билдирбейт. Болгону мамлекеттик чек аранын Казакстан менен чектеш тилкесинде кыраакылык күчөтүлүп, документтерди текшерүүгө өзгөчө көзөмөл болуп жатат”-деди Чек ара кызматынан маалымат катчысы Сажира Чоколоева.

5-июнда Актөбөдө курал сатуучу эки дүкөнгө жана аскердик бөлүккө чабуул бир убакта жасалган. Бул кол салуудан жана андан кийин жүргүзүлгөн күч түзүмдөрүнүн операциясынан 17 адам каза болгонун казак бийликтери кабарлашты.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG