Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Францияда теракт жасоону көздөгөн адам Украинада кармалды


Украинанын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын айтымында, өткөн айда Украинада кармалган француз жараны Францияда өтө турган футбол боюнча Европа чемионатында 15 теракт жасоону пландаган. Украинанын атайын кызматынын башчысы Василий Грицактын 6-июндагы билдирүүсүнө караганда, ал “мечит, синагога, салык кызматын, полициянын патрулун жана башка жерлерди жардырууну көздөгөн”. Украинанын чек ара кызматы украин-польша чек арасында курал, жардыргыч менен май айынын аягында француз жараны кармалганын 4-июнда кабарлаган. Андан 5 автомат, 5 миң патрон, 125 жардыргыч зат, 100 детонатор, 20 бетчүмбөт жана башка нерселер алынган. Өткөн жылы ноябрь айындагы Париждеги, андан кийин Брюссел аба майданындагы теракттан кийин Европанын коопсуздук күчтөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG