Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Мухаммед Али менен коштошуу Кентукки штатында өтөт


Легендарлуу мушкер Мухаммед Алини акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кентукки штатындагы Луисвилл спорттук аренасында өтөт. 9-июнга белгиленген жаназа намазга катышууларга жол ачык болот. 18 миң адам бата турган ал спорттук аренада 1960-жылы Мухаммед Али профессионалдык бокстогу биринчи жеңишине жетишкен.

Мухаммед Алинин үй-бүлөсүнүн өкүлү Боб Ганнелл Али өзүн акыркы сапарга узатууну көп жылдан бери пландаштырып, ал бардык адамдарга ачык болуш керектигин белгилгенин билдирди. 10-июнда акыркы сапарга узатууда ислам, иудаизм, христиан, буддизм, мормон жана католиктердин өкүлдөрү болот.

Мушкерди акыркы сапарга узатууга Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган, Иордания падышасы Абдулла жана АКШнын мурунку президенти Билл Клинтон катышат. (AiT)

XS
SM
MD
LG