Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Ооганстандагы атышууда америкалык журналист мерт кетти


Дэвид Жилкей.
Дэвид Жилкей.

Ооганстанда жекшемби күнкү атышуулар учурунда АКШнын Улуттук жамааттык радиосунун кабарчысы Дэвид Жилкей жана анын котормоччусу Забибулла Таманна каза табышты. Аталган радионун маалыматына караганда, окуя Гилмент провинциясынын Маржа шаарында болду.

Атышуу учурунда маркумдар менен бирге жүргөн дагы эки америкалык журналист соо калышты.

50 жаштагы журналист Дэвид Жилкей Emmy сыйлыгын алган.

Журналисттерди коргоо комитети билдиргендей, АКШнын Ооганстанда аскерий машыгуулары башталган 2001-жылы бери 26 журналист ар кандай жагдайда курман болушкан. (SE)

XS
SM
MD
LG