Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

Беларустун Могилев шаарындагы дүкөндөрдө Крым Орусиянын бөлүгү катары көрсөтүлгөн глобустар сатыктан алынды.

Крымды дүйнө коомчулугу Орусиянын курамында катары тааныган эмес. Андыктан облустун Соода жана кызмат көрсөтүү башкармалыгы ишкерлерге жалпы көз караштан айырмаланган саясий карталар менен глобустарды сатуудан баш тартууну сунуштаган. Бул туурасында euroradio.fm маалымдады.

Жергиликтүү бийлик бул маселеге “Громада” Беларус социал-демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары Игорь Борисовдун кайрылуусунан кийин көңүл бурган.

Крымды Орусиянын бир бөлүгү катары көрсөткөн глобустарды польшалык ZACHEM-GŁOWALA фирмасы чыгарган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG