Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

Спорт агенттигинин башчылыгына Канат Аманкулов дайындалды


Канат Аманкулов.

Канат Аманкулов.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болуп Канат Аманкулов дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Кабыл Макешов билдирди.

Жаңы жетекчи бүгүн эмгек жамаатына тааныштырылды.

Канат Аманкулов буга чейин Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы болуп эмгектенип келген. Бул коомдук башталыштагы кызмат болгондуктан Аманкулов бул ишти деле жаңы кызматына айкалыштырып аткара берет.

Буга чейин агенттикти Шейшенкул Бакиров жетектеп келген. Ал ушул жылдын 1-июнунда өз арызы менен кызматтан кеткен эле.(ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG