Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

КМШ өкмөт башчыларынын кеңири жыйыны өтүүдө


Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңири чөйрөдөгү жыйыны башталды. Жыйынды ачып жатып Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан КМШга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык байланыштарын күчөтүүнү колдой турганын билдирди. Кыргыз премьер-министри Евразия экономикалык биримдиги менен КМШга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда эркин соода жүгүртүүгө шарт түзүүнү сунуштады.

“Мындай жол менен учурдагы экономикалык кыйын мезгилде биздин өлкөлөрдүн атаандаштыкка туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат”, - деди Жээнбеков.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Көз карандысыз өлкөлөр ширектештиги алкагында маданият байланыштарын күчөтүү зарылчылыгын белгилеп, быйыл күзүндө өтчү Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк экинчи оюнуна катышууга чакырды.

Жыйынга Кыргызстан премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов, Молдованын премьер-министри Павел Филип, Беларустун премьер-министри Андрей Кобяков, Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода Армениянын, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын вице-премьерлери жана Украинанын Кыргызстандагы элчиси катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө КМШ алкагында кызматташууну жакшыртуу боюнча 22 документ каралары жана жети келишимге кол коюлары айтылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG