Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

КМШ өкмөт башчыларынын саммити аяктады


КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Бишкек саммити. 7-июнь, 2016-жыл.
КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Бишкек саммити. 7-июнь, 2016-жыл.

Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Бишкектеги саммити аяктады. Анын жүрүшүндө 20дан ашуун маселе талкууланып, 16 документке кол коюлду.

Ага ылайык, мамлекеттик сатып алууларды тескөө, айыл чарба көп түрдүүлүгүн сактоо боюнча конвенция, энергетика тармагындагы авариялар боюнча маалымат алмашуу, саламаттыкты сактоо, билим берүү, транспорт, аскер тармагындагы кызматташуу тууралуу конвенциялар жана “АРТ Экспо” эл аралык көргөзмөсүн өткөрүү боюнча чечимдерге кол коюлду.

Жыйынтыктоочу маалымат жыйынында кыргыз премьер-министри Сооронбай Жээнбеков КМШнын учурдагы шартына ылайыкташтыруу жана гуманитардык кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкуулоо зарылдыгын билдирди.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG