Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:22

Иликтөөчүлөр Малайзия учагы кыйраган жерде “Бук” системасынын бөлүгүн табышты


Чыгыш Украина, малайзиялык кыйраган учактын сыныктары, 3-август, 2014-жыл.
Чыгыш Украина, малайзиялык кыйраган учактын сыныктары, 3-август, 2014-жыл.

Эл аралык иликтөөчүлөр Украинанын чыгышында малайзиялык MH17 каттамындагы учак кыйраган жерде “Бук” ракеталык системасынын бөлүктөрүн табышты. Амстердамдан Куала Лумпурга учуп бараткан MH17 каттамындагы учак 2014-жылы 17-июлда Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер ээлеп турган жерде кыйраган эле. Бул окуяны иликтеген тергөөчүлөр учак Орусия өндүрүшүндөгү “Бук” ракеталык системасы аркылуу атып түшүргөнүн билдиришкен. Бирок, ракетаны кимдер атканы айтылган эмес. Голландиялык прокурорлор бул окуя боюнча иликтөө аяктап калганын, анын жыйынтыгы күзүндө жарыяланарын айтышууда.

Атып түшүрүлгөн учактагы 298 кишинин бардыгы набыт болушкан. Орусия бийлиги малайзиялык учакты украин күчтөрү атып түшүргөн деп билдирип келет.

XS
SM
MD
LG