Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Актөбөдө чабуулдарга шектүү деп изделгендердин аты-жөнү жарыяланды


Актөбө шаарындагы чабуул болгон жер, 7-июнь, 2016

Актөбө шаарындагы чабуул болгон жер, 7-июнь, 2016

Актөбө полициясы жекшембиде шаардын бир нече жеринде чабуул уюштурган деп шектелип издөө салынгандардын аты-жөнүн жарыялады. Кылмышка шектүү жети кишинин бешөө Актөбө облусунун жана бирөө Кызыл-Ордо облусунун тургундары. Облустук ички иштер бөлүмү жарыялаган тизмеде Дмитрий Танатаров, Арсен Танатаров, Айдос Жубанов, Бахыт Куанышбаев, Нурлан Сеилов, Алибек Акпамбетов, Айдар Башимов аталат.

«Интерфакс-Казахстан» маалымат агенттиги изделгендердин арасында Актөбө облусунун тургуну Арман Айтурган бардыгын, тизмедеги шектүүлөрдүн эң жашы 26да, улуусу 33 жашта экенин кабарлайт. Издөө салынгандар жөнүндө маалымат жергиликтүү телеканалдарда байма-бай берилүүдө. Интернеттеги WhatsApp байланышы аркылуу дагы маалымат элге жиберилүүдө.

Полициянын маалыматына караганда, 5-июнда Актөбө шаарындагы «Паллада» карал-жарак дүкөнүнө кеминде 26 киши кол салган. Ички иштер министрлиги 13 киши өлтүрүлүп, дагы сегиз адам кармалганын билдирген. “Азаттыктын” казак кызматы шаардын ооруканаларында атайын операцияларда жараат алган жыйырмадай киши жатканын кабарлады. Алардын бешөө кылмышка шектүүлөр экени айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG