Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Европа комиссиясы Орусияны экстремизм түшүнүгүн тактоого чакырды


Орусиянын Украинадагы аракетин айыптаган Лондондогу нааразылык.
Орусиянын Украинадагы аракетин айыптаган Лондондогу нааразылык.

Орусия экстремизм түшүнүгүн тактоо боюнча Европанын расизм жана сабырсыздыкка каршы комиссиясынын сунуштарын аткарган жок. Бул тууралуу орусиялык “Коммерсант” гезити аталган комиссиянын корутундусуна шилтеме берип жазып чыкты.

2013-жылы европалык комиссия Орусияга экстремизм түшүнүгүнө тактоо киргизип, экстремисттик материалдардын критерийлерин аныктоону сунуштаган. Бирок андан бери бул сунуштар боюнча иш жүрбөй, экстремизмге жазаны күчөткөн гана мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Буга байланыштуу Европанын расизм жана сабырсыздыкка каршы комиссиясы орус бийликтерин кайрадан бул боюнча сунуштарды карап көрүүгө чакырды.

Орусиянын Мамлекеттик Думасында мындай баага макул болбой, орус мыйзамдарындагы экстремизм түшүнүгү эң так жана обьективдүу көрсөтүлгөнүн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG