Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Кылмыш иш козголгон Кара-Көлдүн мэри иштен бошотулду


Кылмыш иш козголгон Кара-Көл шаарынын мэри Мамбет Койчиев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка бүгүн Сооронбай Жээнбеков кол койду.

6-июнда Жалал-Абад облустук прокуратурасы Мамбет Койчиевге кылмыш ишин козгоп, аны кызматтан алуу боюнча премьер-министрге сунуш жолдогон.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, мэр шаардагы 1 миң 513 чарчы метр жерди кафе куруу үчүн 15 жылга мыйзамдагы көрсөткүчтөн арзан ижарага берген. Анын эсебинен мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келген. Ошондой эле шаарга караштуу 15 гектар жерди цемент заводун курууга мыйзамсыз берип койгон.

Ал эми Мамбет Койчиев өзүнө карата козголгон кылмыш ишин куру доомат жана каралоо деп атайт.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG