Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Эрдоган: Түркия террорчулук менен аягына чейин күрөшөт


Стамбул, 7-июнь, 2016-жыл.
Стамбул, 7-июнь, 2016-жыл.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркия терроризм менен акыр аягына чейин күрөшөрүн билдирди. Бул тууралуу Эрдоган бүгүн 11 адамдын өмүрүн алган Стамбулдагы жардыруудан соң айтты.

Жардыруудан 36 адам жарадар болуп, ондон ашуун адам мерт кетти. Ичине жардыргыч заттары толтурулган автоунаа полициянын автобусу өтүп баратканда жардырылган. Стамбулдун губернатору Васип Шахиндин билдиришинче, каза болгондордун жетөөсү полиция кызматкерлери. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Буга чейинки Түркиядагы жардырууларда “Ислам мамлекети” тобу менен өлкөдө тыюу салынган Күрттөрдүн жумушчу партиясы ушундай террордук актыларды уюштурганы маалымдалып келет.

XS
SM
MD
LG