Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

Бишкек циркинин артисттери “акыркы муң” менен чыгышат


Бишкек цирки.

Бишкек цирки.

Бишкектеги Улуттук цирктин артисттери бүгүн “акыркы муң” деген аталышта маалымат жыйын курушат. Ага циркте иштеген көрүнүктүү маданият өкүлдөрү катышып, эмне үчүн мындай ураан менен чыгып жатышканы тууралуу жыйынга келген журналисттерге айтып беришмекчи.

Алдын ала маалыматтарга караганда, артисттер цирктеги көйгөйлөрдү коомго айтып, өкмөттөн жардам сурашы мүмкүн. Буга чейин цирк жетекчилиги мамлекет оңдоо иштери үчүн бөлгөн каражатты максатсыз пайдаланганын белгилешип, вице-премьер-министрге кайрылышканы тууралуу маалымат булактары жазып чыгышкан. Ошондой эле айлык акынын аздыгы, цирк колдоого муктаждыгы тууралуу да бир канча ирет даттанышкан. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG