Кыргызстан менен Ирандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын жолдоштук беттешинде ирандыктар 6:0 эсебинде жеңишке жетти. Оюн 7-июнда Тегеран шаарындагы "Азади" стадионунда өттү. Мелдештин эки таймында тең ирандыктар үчтөн гол киргизишти.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2016-жылы бир нече мамлекеттердин футболчулары менен жолдоштук беттеш өткөрөрү белгиленген. 30-августта Казакстандын улуттук курама командасы менен расмий жолдоштук беттешке чыгат. Буга чейин Ливан жана Өзбекстан менен белгиленген оюндар болбой калган. (ECh)