Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Унаа жарылуудан жабыркагандар канга муктаж болууда


Кырсык.
Кырсык.

Бишкекте унаа жарылуудан жабыркагандарга кан куюу үчүн донорлор керек болууда. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди. Дарыгердин айтуусунда, жабыркагандарга тийиштүү жардам көрсөтүүгө медициналык жабдуулар жетиштүү, бирок канга муктаждык бар:

-Кан берүүнү каалагандар мурунку Тынчтык проспектиси, азыркы Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү кан борборуна барып көмөк көрсөтсө болот. Жабыркагандар үч айга чейин дарыланат. Аларга көп өлчөмдө кан керек болуп жатат. Күнүгө беш жолу кан куюу керек, - деди Жумабеков.

6-июнда кечинде Бишкекте газ ташыган автоунаа жарылып, ондон ашуун адам жабыркаган. Алардын алтоо оор абалда, үчөө орточо оор деңгээлде бейтапканага түшкөн. Аларга жардам иретинде президенттин фондунан 500 миң сом ажыратылган. Бишкек мэриясы да каржылык колдоо көрсөтүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG