Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

Бишкекте газ ташыган автоунаанын жарылуусунан жаракат алгандардын бири 8-июнга караган түнү каза тапты. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, каза тапкан 26 жаштагы жарандын терисинин 90 пайыздан ашууну күйгөн.

6-июнда Бишкектин Фучик көчөсүндө жайгашкан ишкананын короосунда газ ташыган автоунаа жарылып, ондон ашуун адам жабыркаган. Азыр алардын бешөө оор абалда. Буга чейин дарыгерлер жарылуудан жабыркагандарга кан куюу үчүн донорлор керектигин маалымдашкан. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG