Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

Кадамжайда селден кийин жоголгон үч жаштагы Элдар Жороевди издөөдөн натыйжа чыга элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, издөө иштерине 73 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган.

27-майдын кечинде Кадамжай-Айдаркен жолунда катуу сел жүрүп, “Опел-Фронтера” автоунаасы оодарылып кеткен. Натыйжада беш киши, анын ичинде эки жашар наристе набыт болгон. Алты жаштагы Зарипбек Нурлан уулу куткарылып, үч жашар Элдар Жороевдин дайыны билинбей жатат. 28-майда баланын кийимдери табылган. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG