Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Өрттөн жабыркагандарга саламаттык сактоо министри кан берди


6-июндагы жарылуудан жабыркап, оор күйүк менен ооруканада жаткандарга 8-июнь күнү эртең менен саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кан берди.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Республикалык кан борборунун башкы директору Бакыт Карабаев билдирди. Анын айтымында, кан тартыштыгы тууралуу массалык маалымат каражаттарына айтылгандан кийин жабыркагандарга кан берүүнү каалагандар көбөйгөн. Ар кайсы мекеме, уюмдардын жумушчулары да кан тапшырууда.

«Кан тапшыргысы келгендерге биздин эшик ар дайым ачык. Анткени жабыркагандар бир-эки айдан ашык убакыт бою толук дарыланып бүткүчө кан жана анын компоненттерине муктаждыгы бар. Биздин борбор жекшемби күндөн башка апта бою таңкы саат сегизден түшкү үчкө чейин каалоочулардан кан алат», - деди Бакыт Карабаев.

6-июнда Бишкектин Фучик көчөсүндө жайгашкан ишкананын аймагында газ ташыган автоунаа жарылып, ондон ашуун адам жабыркаган. Алардын бири бүгүн каза таап, дагы бешөө оор абалда реанимацияда жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG