Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:19

Жанар Акаев: Чубак ажынын айткандары экстремизмге тете


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Парламенттеги КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсүн сынга алды. Депутат “Фейсбуктагы” баракчасына Ыйык Рамазан айында элди ынтымакка, ыйманга үндөгөндүн ордуна, бөлүп жарган адам жазасын тартышы керектигин жазды.

“Жума намазды окуганга мен эч качан каршы болбойм, тескерисинче, намазга жыгылган, ыйманга келген жарандарыбыздын көбөйгөнү баарыбыз үчүн жакшы. Бирок, Эмгек кодексин өзгөртүп, бүтүндөй мамлекеттик органдардын, мектептердин, бала-бакча, оорукана, айтор бардык мекемелердин иш тартибин жаңыдан иштеп, жума намаздын убактысын өзгөртүүгө азыр ошончолук эле чоң муктаждык барбы",- деп айтылат анда.

Ошондой эле Акаев дин менен ойногон саясатчыларды ээрчибөөгө, алардын эл көзүнө намаз окуп, кандай ыплас иштерди жасап атканы жакшы маалым деген оюн айткан.

7-июнда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде жума намаз убагында түшкү эс алууну эки саатка чейин узартуу боюнча "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын депутаты Тазабек Икрамов сунуштаган мыйзам долбоору талкууланып, көпчүлүк добуш менен четке кагылган.

Мындан кийин Чубак ажы Жалилов жума намаздын убактысын узартуу боюнча мыйзам долбоорун колдобогон эл өкүлдөрүнө жаназа окулбасын деген пикирин "Фейсбукка" жазып, коомдук кызуу талкуусуна алынды.

Парламенттин мурдагы чакырылышында депутат Турсунбай Бакир уулу да иш күнүн жумадан жекшембиге которуу демилгесин көтөрүп, бирок колдоо тапкан эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG