Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

Жалал-Абад мэриясы үйлөрү бузулгандарга компенсация төлөй баштады  


Жалал-Абаддагы борбордук көчөнү кеңейтүү.

Жалал-Абаддагы борбордук көчөнү кеңейтүү.

Шаардын борбордук Ленин көчөсүн кеңейтүүгө байланыштуу көчө жактагы короо-жайлары бузулган үйлөрдүн ээлери компенсация ала баштады. Бул тууралуу шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин жетекчиси Болот Жусупбеков билдирди.

Анын айтымында, борбордук көчөдө орун алган 38 үйдүн дубалдары бузулду. Алдын ала түзүлгөн келишимдер боюнча 29 үй-бүлөгө компенсациялар берилүүдө. Бүгүн алгачкы 4 үй-бүлөнүн эсебине 635 миң сом которулду.

Азыр Ленин көчөсүн кеңейтүүнүн экинчи этабы ишке ашырылып жатат. Ага шаар бюджетинен 11 миллион 750 миң сом каражат бөлүнгөн. Айрым тургундар мэрия турак жайларын мыйзамсыз бузуп жатканына нааразы болуп чыгышкан. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG