Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Махатма Гандинин өмүрү тууралуу кыргызча китеп жарык көрдү


Махатма Гандинин өмүрү тууралуу кыргызча китептин мукабасы
Махатма Гандинин өмүрү тууралуу кыргызча китептин мукабасы

Бүгүн Бишкек гуманитардык университетинде "Махатма Ганди жана азыркы Индия" деп аталган илимий жыйын өттү. Анда индиялык улуу гуманист жана агартуучу Махатма Гандинин "Чындыкка умтулуудагы тажрыйбаларым" деген китебинин кыргызча котормосунун бет ачары болду. Китепти тарыхчы жана публицист Тынчтыкбек Чоротегин котормочулар, тарыхчы жана лингвисттер тобу менен биргеликте кыргызчалаган. Чыгармада кыргыз окурмандарына ХХ кылымдын башындагы Индиянын татаал тарыхы, зор державанын өнүгүүгө карай багыты, анын жүрүшүндөгү социалдык, саясий, экономикалык кыйынчылыктар, маданий өзгөчөлүктөр тууралуу маалымат берилет.

Аны чыгарууга Индиянын Кыргызстандагы элчилиги каржылык колдоо көрсөткөн.

Ошондой эле “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун демилгеси менен “Өмүрү өрнөк инсандар” аттуу китептер топтомунун алкагында 2000 нускада чыгарылган. (NT)

XS
SM
MD
LG