Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Түркиянын Мардин шаарындагы жардырууда 30дан ашуун киши жаракат алды


Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым жардырууда бир полиция кызматкери жана эки жай тургун набыт болуп, 30дан ашуун киши жаракат алганын билдирди. Йылдырым террорчу топтордун өзү менен гана эмес, аларга өлкөнүн ичинде жана тышында колдоо көрсөткөндөр менен да күрөшөбүз деди. Ал жардырууну Күрт жумушчу партиясы уюштурганын билдирди.

Бүгүн саат 11лер чамасында Мардиндин Мидят районундагы полиция башкармалыгына бомба жүктөлгөн автоунаа менен кол салуу болгон. Учурда жардыруу болгон жерге көп сандагы тез жардам кызматтары жана аскерлер келип жатканы маалымдалды.

Мидят Мардин аймагынын эл көп жайгашкан райондорунун бири болуп эсептелет. Бул жардыруу жыл башындан бери Мардиндеги экинчи ири жардыруу болду.

Кечээ да Стамбулда бомбага шыкалган автоунаа жардырылып, ондон ашык киши набыт болгон. (AS)

XS
SM
MD
LG