Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

Мария Шарапова эки жылга чоң теннистен четтетилди


Мария Шарапова Лос-Анжелестеги пресс-конференцияда. 7-март, 2016-жыл.

Мария Шарапова Лос-Анжелестеги пресс-конференцияда. 7-март, 2016-жыл.

Эл аралык Теннис федерациясы мындай чечимин 8-июнда жарыялады.

Дүйнөлүк теннис уюму өз чечимин орусиялык спортчу допинг колдонгонуна негиздеди. Ага ылайык эми теннисчи Шарапова 2018-жылдын 26-январына чейин профессионалдык мелдештерден четтетилди.

Шарапова бул чечимди спорт боюнча Арбитраждык сотко бере алат.

Таанымал спортчу допинг-тесттен өтпөй калгандыгын өзү быйыл мартта моюнга алган болчу. Бирок ал Допингге каршы агенттик быйыл 1-январдан тарта мельдоний затын колдонууга тыюу салганынан кабары болбогонун да белгилеген. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG