Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Индия АКШ менен аскерий кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр


Нарендра Моди менен Барак Обаманын кездешүүсү. Вашингтон, 7-июнь, 2016-жыл.
Нарендра Моди менен Барак Обаманын кездешүүсү. Вашингтон, 7-июнь, 2016-жыл.

Индия премьер-министри АКШны аскерий кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды. Нарендра Моди бул тууралуу 7-июнда АКШ Конгрессинин кош палатасынын биргелешкен жыйынында айтты. Анын белгилешинче, Нью-Дели менен Вашингтон “тарыхтагы олку-солкулуктарын” жеңе алды жана эми аскерий кызматташтыгын кеңейтүүгө даяр.

Индия премьер-министри ошондой эле анын өлкөсү менен АКШнын ортосунда коргонуу жана экономика чөйрөсүндөгү кызматташтык бекемделиши зарылдыгына да токтолду.

Нарендра Моди Конгрессте сүйлөр алдында Ак үйдө АКШ президенти Барак Обама менен жолуккан эле. Америкалык расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, АКШ менен Индиянын аскерий логистиканы чогуу пайдалануусу боюнча макулдашуу даярдалып бүттү жана “эң жакынкы аралыкта” ага кол коюлат.

Ак үй АКШ президенти менен Индия премьеринин 7-июндагы сүйлөшүүлөрүндө коопсуздук жаатындагы “кызматташтык жана координация” боюнча “маанилүү жылыш” болгонун да белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG