Тажикстандын туңгуч президенти Каххор Махкамов узакка созулган оорудан улам 84 жашында 8-июнда көз жумду. Маркум мамлекетти 1990-91-жылдары башкарган.
Каххор Махкамов президент болгонго чейин өлкөнүн Жогорку Советинин төрагасы болгон. 1991-жылдын 28-августунда басым астында отставкага кеткен. Андан бери саясатка аралашкан эмес. 1999-жылы тажик парламенти аны мурдагы мамлекет башчы катары жогорку палатанын түбөлүк өкүлү кылып дайындаган.