Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Пакистандык аял өз кызын тирүүлөй өрттөп жиберди


Пакистан полициясы өз кызын тирүүлөй өрттөп жиберген Парвин Рафик аттуу аялды камакка алды. Тергөөдө маалым болгондой, анын кызы өзү каалаган жигитке турмушка чыгарын билдиргени үчүн ачууга алдырып, өрттөп салган. Окуя Лахор шаарында 8-июнда болгон.

Айыпталуучу Парвин Рафик 18 жаштагы кызы Зинат Рафиктин үстүнө бензин куюп, өрттөп жибергенин мойнуна алды.

Пакистанда былтыр өзүнөн бир топ улуу кишиге турмушка чыгууга макул болбогону үчүн 19 жаштагы кызды да өрттөп салышкан эле.

XS
SM
MD
LG