Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Тазабек Икрамов депутаттарды түшкү тыныгууну узартуу сунушун колдоого чакырды


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов жума намаз үчүн түшкү тыныгууну узартуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алууга эл өкүлдөрүн чакырды. Икрамов мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун кеңеши менен иштелип чыккан документ коомдо кызуу талкууга түшүп, диниятчынын дарегине көптөгөн сын-пикирлер айтылып жатканына нааразылык билдирди. Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловду ээрчиген эл көп экенин, анын экстремизмди алдын алуу боюнча аракеттери жогорку баага татый турганын да айтты. Ошондой эле Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгүн түзгөн мусулмандардын укуктары да корголушу керектигин, өлкөдөгү 2500дөн ашуун мечитте жума намазга он миңдеген адамдар барарын белгиледи.

Жума намаз маалында түшкү тыныгууну узартууну депутат Тазабек Икрамов сунуштаган. 7-июнда бул маселе парламенттин социалдык саясат комитетинде талкууланып, көпчүлүк депутаттар аны колдогон эмес. Мындан кийин Чубак ажы Жалилов бул депутаттарды кескин сынга алган билдирүү менен чыгып, коомдун кызуу талкуусуна түштү. (NT)

XS
SM
MD
LG