Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Газ ташыган автоунаанын жарылуусунан каза тапкандардын саны үчкө жетти


6-июнда Бишкектин Фучик көчөсүндө жайгашкан ишкананын аймагында газ ташыган автоунаа жарылган.
6-июнда Бишкектин Фучик көчөсүндө жайгашкан ишкананын аймагында газ ташыган автоунаа жарылган.

8-июндун түнү газ ташыган автоунаанын жарылуусунан жаракат алган дагы бир жаран каза тапты. Ал 46 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну экенин жана өрттөн жүз пайыз күйүк алганын Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков «Азаттыкка» билдирди. Буга чейин кырсыктан жабыркаган эки жаран ооруканада өздөрүнө келбей көз жумган.

6-июнда Бишкектин Фучик көчөсүндө жайгашкан ишкананын аймагында газ ташыган автоунаа жарылган. Андан ондон ашуун адам жабыркаган. Азыр алардын үчөө оор абалда реанимацияда жатат. Кайра жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан дагы үч жарандын абалы дурус. (NT)

XS
SM
MD
LG