Линктер

"Мекен шейиттери" коомдук бирикмеси Республикалык аскер сотунун апрель окуясы боюнча чыгарган өкүмүнө нааразы болушууда. 9-июнда өткөн маалымат жыйынында аталган уюмдун жетекчиси Арстан Сагындыков апрель окуясы боюнча күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын албай калганын билдирди. Анын айтымында, тынч митингге чыккандарга ок атуу боюнча буйрукту аткаргандардын акталышы менен жабыркагандар макул эмес. Буга байланыштуу Жогорку сотко доо арыз жолдонот.

3-июнда Республикалык аскер сотунун 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча сот өкүмү чыккан. Ага ылайык, мурдагы президент Курманбек Бакиев менен иниси, мамлекеттик күзөт кызматынан мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү күчүндө калды. Ал эми экс-президенттин уулу, УКМК төрагасынын кеңешчиси Марат Бакиев сыртынан 27 жылга кесилген.

Соттун буга чейинки инстанциясында атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 20 жылга, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев 22 жылга, дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25 жылга эркинен ажыратылган.

Мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов жана президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиевди он жылга эркинен ажыратуу тууралуу соттун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды. Буга чейин эркиндикте жүргөн Мурат Суталинов менен Данияр Дунганов сот залында камакка алынды. Аларга 2010-жылдын 7-апрелинде нааразылык акциясына чыккан адамдарга курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган деген айып тагылган.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте болгон элдик толкундоонун натыйжасында 77 адам окко учуп, 300дөн ашууну жараат алган. (NT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG