Линктер

УКМКнын тергөө абагында отурган “Альфа” атайын бөлүгүнүн мурдагы жетекчиси Алмаз Жолдошалиев менен экс-генпрокурор Нурлан Турсункулов ачкачылык жарыялаганын алардын адвокаты Руслан Долаев “Азаттык” радиосуна ырастады. Анын айтымында, соттолгондор камактагы мөөнөтү бүткөнүнө карабай, эркиндикке чыгарылбай жатканына нааразы болуп жатышат. Жолдошалиев, Турсункуловго атайын кызматтын тергөө абагында жазасын өтөгөн мөөнөттөрүн эске алуу менен амнистия берилген. Мыйзам боюнча, тергөө абагында кармалган бир күн эки күнгө текте эсептелет.

Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова УКМКдан Жолдошалиев менен Турсункуловдун мөөнөттөрүн эсептөө боюнча кат келгенин, анын жообу кайра атайын кызматка жиберилгенин маалымдады. (NT)

XS
SM
MD
LG