Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

БУУ: ДАИШтин чегиниши Батыш өлкөлөрүнө кол салууга алып келиши ыктымал


Сирия.
Сирия.

“Ислам мамлекети” аталган террордук топ жеңилүү ызасынан Батыш жана Орусияда жаңы теракттарды уюштурушу мүмкүндүгүн Бириккен улуттар уюмунун жогорку даражалуу өкүлү билдирди. БУУнун Баш катчысынын орун басары Жеффри Фельтман Иракта АКШнын, Сирияда Орусиянын колдоосу менен жүргүзүлгөн аскердик аракеттерден улам ДАИШ аскердик жактан алсырады, деп билдирди 8-июнда.

Анын пикиринде, прогресс артка кайткыс мүнөзгө ээ боло элек. ДАИШ өз мүмкүнчүлүктөрүн башка багыттарга буруп, Париж жана Брюсселдегидей теракттарды уюштурушу ыктымал. Сирия жана Иракта жеңилүүсүнөн улам террордук топтун жоочулары Батышка жана Европага кайтууга умтулууда. Алар мекенинде чабуул жасоо буйругун алышы ыктымал. (AiT)

XS
SM
MD
LG