Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:41

Токтонасыров депутаттын сунушун сынга алды


Президент Атамбаев Энелер күнүнө арналган салтанатта.
Президент Атамбаев Энелер күнүнө арналган салтанатта.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороевдин президенттикке талапкерлер үчүн тил сынагын алып коюу сунушун сынга алды. Бүгүн ал динди саясатташтырбоого депутаттарды чакыруу максатында жана президенттикке талапкерлерге мамлекеттик тил сынагын алуу сунушуна каршылык иретинде парламенттин алдына пикетке чыгууну көздөгөн. Бирок КМШ саммитине байланыштуу 10-июнга чейин бардык митингдерге тыюу салынды, деген жүйө менен укук коргоо органдары ага уруксат берген жок.

Жээнчороев фракциянын өткөн аптадагы жыйынында “Шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Анда президенттикке талапкерлер үчүн мамлекеттик тил боюнча сынакты алып коюу демилгеси жазылган. Демилгечилер кыргыз тилин билип, бирок өлкөнү өнүктүрө албаган талапкерлерден көрө, тил билбесе да, эл камын ойлогон адамдардын шайлоого катышуусуна шарт түзүлүшү керектигин айтышууда.

Шайлоо мыйзамына ылайык, президенттикке талапкер мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө милдеттүү. (NT)

XS
SM
MD
LG