Линктер

Багдад жана анын жака-белиндеги жардыруулардан кеминде 20 киши набыт болду


Жардыруу болгон жерде. Багдад, 9-июнь

Жардыруу болгон жерде. Багдад, 9-июнь

Полициянын кабарлоосуна караганда, бомба салынган автоунаа Багдаддын соода жүргөн Аль-Жадида көчөсүндө жардырылды. Ал райондо көбүнчө шииттер жашайт. Жарылуудан кеминде 15 киши өлүп, 30дан көбү жарадар болгон.

Багдаддын түндүгүндөгү Тажи шаарында да бомба салынган автоунаа жардырылып, анда бери дегенде 5 киши каза таап, 12ден көбү жарадар болду. Азырынча бул жардырууга эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок акыркы кезде мындай террордук чабуулдарга “Ислам мамлекети” аталган террордук топ жоопкерчиликти алып келет. Акыркы жумаларда Ирак күчтөрү ДАИШтен ("Ислам мамлекети" террордук тобунан) Фаллужа шаарын бошотууга аракет жасап жатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG